Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болуп калды
RU

Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус жолдон өтүп бара жаткан кызды коюп кетти. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калганын Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн 7-октябрда саат 10:00 чамасында "Зонг-Тонг" автобусу Чүй көчөсү менен чыгышты көздөй баратып жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен. Рулда 1964-жылы туулган Д.К. аттуу айдоочу болгон.

Жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө түштү. Тилекке каршы, 2006-жылы туулган Б.Х. алган жаракаттарынан улам кайтыш болду.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна токтотулуп, тергөө уланууда дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17594