Талант Капаров жол кире эмне үчүн көтөрүлүп жатканынын себебин айтып берди
RU

Талант Капаров жол кире эмне үчүн көтөрүлүп жатканынын себебин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров коомдук транспортто жүрүү акысы эмне үчүн көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, ишкана накталай эмес төлөмдөргө гана өтүүнү каалап жатат. Учурда накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн тарифинин айырмасы болгону 3 сомду түзөт. Ал эми жарандар картаны сатып албай эле 20 сомдон төлөп келишүүдө.

"Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн жумушчу топ дифференцияланган тарифти киргизүүнү, аны 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Бул жөн эле альтернатива, базалык тариф ошол бойдон – 17 сомдун деңгээлинде калат", - деп белгиледи жетекчиси.

Ал жол кире төлөө үчүн атайын карталарды сатып алуунун кажети жок экенин, банк карталары же QR кодду колдонуу аркылуу төлөсө жда болорун эскерте кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17652