Ошто айыл башчы тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган
RU

Ошто айыл башчы тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда айыл башчылардын бири тергөөчүгө пара сунуштап кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Кара-Суу РИИБине жергиликтүү 5 тургундун ар бири жасалма документтердин негизинде 0,5 гектар жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты 26-сентябрда каттоого алынып, менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Текшерүүнүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагындагы айылдардын биринин башчысы 1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара катары сунуштаган", - дешет башкармалыктан.

Бул факты боюнча чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

10-октябрда айыл башчы С.Б. тергөөчү кызматкердин иш бөлмөсүндө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара берип жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча амалдар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17661