"Ал өзү сураган". Министрдин айтымында Путин Жапаровдон уу коргошун тууралуу өзү сураган
RU

"Ал өзү сураган". Министрдин айтымында Путин Жапаровдон уу коргошун тууралуу өзү сураган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүу министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаровдон коронавирустук инфекцияны уу коргошун менен дарылоо ыкмасы тууралуу расмий эмес жолугушуу учурунда кызыгып сураганын Kaktus.media редакциясына түшүндүрүп айтты.

"Мен "Биринчи радиого" интервью бергем, сөзүм бурмаланып калды. Биз кечээ президент экөөбүз жолугушуп, күлүп отурдук. Путин расмий жолугушуу учурунда аконит тууралуу сураган эмес. Андан кийин бул жөнүндө кызыгып сураптыр. Ага Садыр Нургожоевич, ооба, учурда клиникалык сыноолор жүргүзүлүп жатат, деп жооп берген экен. Владимир Владимирович буга "Жүргүзө бергиле, азыр Россияда да COVID-19га каршы түрдүү дарыларды изилдеп жатышат", деп айтыптыр. Учурда ар кандай вакциналарды изилдеп жатышат, кандай татаалдашып кетүүлөр болот? Эч ким билбейт", - деп министр түшүндүрдү.

Эске салсак, 26-майда "Биринчи радиого" берген маегинде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Владимир Путинге уу коргошун тууралуу айтып бергенин билдирген. Депутат Дастан Бекешевдин пикири боюнча, министр президентти "жаманатты кылып жатат".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1768