Оң рулдуу унаалар менен такси кылуу тыюу салынат. Айдоочулар менен адистер эмне дейт?
RU

Оң рулдуу унаалар менен такси кылуу тыюу салынат. Айдоочулар менен адистер эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу сунушталган. Эми патентти оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга бербөө демилгеленүүдө. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоорун 7-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда колдоду. Бул боюнча адистер жана айдоочулар эмне дешет Kaktus.kg редакциясы билип көрдү.

Министрлер кабинети быйыл жыл башында да оң рулдуу унааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарган. Өкмөттүн мындай демилгесине оң рулдуу унаанын ээлери нааразылыгын билдирип келет.

Айдоочулардын эки ача ою

Ал эми биздин сурамжылоого катышкан айдоочулардын жарымы оң рулдуу унаалар менен такси кылуу чын эле коопту дешет. Бирок аларга лицензия бербей коюунун алдында жумуш менен же жеңилдетилген насыя менен унаа алууга шарт түзүү керектигин билдиришет.

"Алгач жумушу жок калчу такси айдоочуларына шарт түзүү керек. Себеби, алар көп. Мыйзам күчүнө кирсе жумушсуз калышат. Ушул кызмат аркылуу алар үй-бүлө, балдарын багып жатышат да. Азыр бизде унаа чогултулуп жатпайбы, ошолорду насыяга алганга жеңилдик берүү сындуу шарттарды түзсө менимче бардыгы эле бул мыйзам долбоорун колдойт", - дейт айдоочулардын бири.

Оң рулдуу унаа менен таксист болуп жүргөндөр бул мыйзамга каршы. Алар муну менен нан таап жаткандарын айтышып, жумушу жок калабыз деп кооптонушат.

"Бардык айдоочулар каршы. Тыюу салып салса үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Бизге анда бийлик 50 миң айлыгы бар жумуш таап берсин, чынбы? Кыргызстанда жумуш жок болуп жатканда - бул мыйзам дагы жумушсуздукту көбөйтөт", - дешет алар.

Айрымдары оң рулдуу унааларды башынан эле Кыргызстанга киргизбеш керек болчу дешет. Себеби, биздин өлкөдө жолдор сол тараптуу жана оң рулдуу унааларга ыңгайлашкан эмес. Ошондуктан алар бул мыйзам долбоорун колдошот.

"Ушул таксинин кереги жок эле - оң рулдуунун. Кээ бирилери айтып жатышпайбы кантип оокат кылабыз деп. Он рулдуу унаалар келе электе деле оокат кылып жатпадык беле. Чындыгында эле оң рулдуу унаанын кереги жок таксиге.

Жолдун баары сол тараптуу да. Ошол үчүн сол рулдуу унаалар менен эле жүрсөк деп ойлойм. Оң рулдуу унаалар Англия, Японияда да. Акаевдин убагынан бери туура эмес болуп калган. Негизи биздин жолдор сол жактуу болгондон кийин сол менен жүрүш керек. Менин оюм ушундай. Эреже менен жүрүш керек", - дейт дагы бири.

Мыйзам долбоорун сунуштап жаткандардын пикири

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган "Транспорт жөнүндө" мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып калган.

Мындан улам алар патент менен иштеп келе жатышат. 2018-жылы такси кызматын көрсөткөндөр 69 миңден ашык, 2019-жылы 59 миң, ал эми 2023-жылы 28 миң патент алган. Адылбек Бийбосунов акыркы жылдары таксисттерди көзөмөлдөгөн орган жок болуп калганын айткан болчу.

Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия үч жылдан аз эмес автоунаа айдагандарга берилет. Андан тышкары машиненин техникалык абалы жакшы болушу шарт. Жумушка чыгарда айдоочу медициналык кароодон өтүшү керек. Лицензиянын алдын ала баасы 500-600 сом болот жана бир жылга берилет.

"Мыйзамды эчак эле кабыл алуу керек болчу"

Кыргызстандагы айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов бул мыйзамды мындан көп жыл мурун эле кабыл алыш керек болчу керек деп эсептейт. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын статисткасы мыйзам эрте кабыл алынганда аз санды көрсөтмөк деп эсептейт.

"Бул мыйзамды мурун эле кабыл алыш керек болчу. Биринчи жолу аталган мыйзамды сунуштап жатканда адис катары чакырып, оюмду сурашкан. Мен Аскар Акаевдин маалында эле оң рулдуу унааларды алып кирүүгө каршылык билдиргем.

Биздин жолдор сол тараптуу. Сол тараптуу жолдо оң рулдуу унаа айдаганга болбойт. Оң рулдуу унааларды башка арал сындуу өлкөлөрдө айдап жүрүшөт. Алардын жолу, эрежеси башка. Биздин жолдорго туура келбегенден кийин таксиден алып салыш керек. Себеби, айдоочулар көп учурда көп киши бата турчу оң рулдуу унааларды айдап алып алыс жолго чыгышат. Аз уктап, эс албай эле кайра артка жол жүрүшөт. Ошондо көп жол кырсыктары болуп жатат. Бийлик бул мыйзамды эрте кабыл алганда - жол кырсыктарынын саны мындан кыйла аз болмок. Мен бул мыйзамды кечиктирбей кабыл алуу керек деп эсептейм", - дейт адис.

Расмий статистика

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, лицензия оң рулдуу автоунаалардын ээлерине берилбей турганын айтып, муну оң рулдуу унаалар жол кырсыгына көп кабылып жатканы менен түшүндүрдү.

"Оң рулдуу машинеге лицензия берилбейт. Себеби 2024-жылы 910 оң рулдуу унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 56 адам каза болуп, 1420 киши жаракат алды. Анын ичинен 712си оң рулдуу уаанын күнөөсү менен болгон", – деди ал.

Эмил Жакыпов Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу унаа бар экенин, анын канчасы такси кызматын көрсөтөрү боюнча маалымат жок экенин айтты.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылган.

Анда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынса, оң рулдуу унаасы бар жарандардын айрымдары жумушсуз каларын айткан болчу.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басарынын айтымында, таксисттердин көбү унааларды ижарага алып иштейт, андыктан аларда сол рулдуу унааларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17692