Рыскелди Момбеков "комик" министрди кызматтан кетирүүнү сунуштады
RU

Рыскелди Момбеков "комик" министрди кызматтан кетирүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эч ким чара көрбөгөнүнө нааразы. Бул тууралуу ал бүгун, 27-майда парламенттеги жыйыны учурунда айтты.

Момбеков министрдин саламаттыгын текшертүү керек деген пикирде.

"Уу коргошун менен ушунчалык Кыргызстанды уят кылды дүйнө жүзүнө. Эми кечээ Москвага барып келген президентти орус президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү деп, карандай калпты айтты. Дагы жакшы жанагы Эрбол деген бала (президенттин басма сөз-катчысы) азамат экен, эки саатка жеткизбей апыртма экенин айтып чыкты да. Болбосо президентти дагы уят кылмакпыз, Москвага барып уу коргошунду кеп кылыптыр деп", - деди Момбеков.

"Ушул жерде 84 депутат токтом чыгарган кызматтан кетирсин деп. 84 добуш менен президентти кетирсе болот го импичмент менен. 84 добуш менен генералдык прокурорду кетирсе болот. А эмне үчун биз ушул саламаттыкты сакто министрин кетире албайбыз? Ак халатчандар "ковид кетпесе койсун, ушул комик кетсе болот эле деп. Ушуга чейин жетпедиби", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1773