Кара-Сууда 12 жаштагы бала инисин тир мылтыгы менен атып алды
RU

Кара-Сууда 12 жаштагы бала инисин тир мылтыгы менен атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда агасы инисин кокусунан тир мылтыгы менен атып алды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

19-октябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагындагы талаада 2018-жылы туулган П.С. аттуу бала денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы туулган М. кокусунан тир мылтыгы менен 6 жаштагы инисин ичине атып алганы белгилүү болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча, баланын ички органдары жабыркаган эмес.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17740