Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштаганы айтылды
658
Улуттук статистика комитети Кыргызстанда аялдар аз төрөй баштаганын маалымдады.
Маалыматта, төрөттүн орточо коэффициенти 2019-жылдан тартып бир аз төмөндөгөн.
Акыркы жылдардын салыштыруу маалыматы:
2019 - төрөттүн коэффициенти 3,33тү түзгөн. Башкача айтканда, 100 аялга 333 бала туура келет;
- 2020 - 3,05;
- 2021 -2,89;
- 2022 -2,81;
- 2023 - 2,71.
Демографтар калктын саны азайып кетпеш үчүн төрөттүн коэффициенти бир аялга 2,01-2,1 баланын тегерегинде болушу керектигин айтышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17741