Эске алыңыз. Бишкектеги 6 көрүстөн жабылды
Бишкек шаарындагы 6 көрүстөндө маркумдарды жерге берүү, мурдагы мүрзөлөргө кошумча көмүү жана жаңы сөөк коюу иштери жүргүзүлбөйт. Чектөө 2026-жылдын 11-майынан тартып киргизилди.
Мэриядан белгилешкендей, мындай чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жерлердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.
Тиешелүү чаралар Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилген.
Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр:
- Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- "Энесай" конушунда Орхон жана Энесай 11-көчөлөрүнүн кесилишинде;
- "Көк-Жар" конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Орто-Сай айылындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө;
- Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.
Бишкек мэриясы сөөк коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана сөөк коюу үчүн бөлүнгөн көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу максатында "Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.
