Сот 200 миң доллар алдап алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн эркиндикке чыгарып жиберген
RU

Сот 200 миң доллар алдап алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн эркиндикке чыгарып жиберген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерлерди 200 миң долларга алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эки жумадан кийин соттун чечими менен СИЗОдон бошотулган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 2021-жылдын 13-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.Н., тергөө абагына жөнөтүлгөн. Бирок эки жумадан кийин ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелип жаткандыгына карабастан, ал соттун чечими менен камактан бошотулган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Б.Н 2020-жылы күзүндө курулуп жаткан имараттан батир алып, ал мүлктү үчүнчү жактарга кайра сатып жиберген деп шектелип жатат. Келтирилген чыгым 25 миң долларды түздү.

Ошондой эле, Б.Н., 2020-жылдын жай айында, Lexus RX 330 автоунаасын Lexus GX 470го алмаштырам деп кирешелүү келишим түзүп, автоунааны айдап алып, качып кеткен деп шектелүүдө. Миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1786