Бишкек шаарынын 16 жаштагы тургуну Ысык-Көлгө барып, өз жанын кыйган. Ал ооруп жүргөн
RU

Бишкек шаарынын 16 жаштагы тургуну Ысык-Көлгө барып, өз жанын кыйган. Ал ооруп жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын 16 жаштагы тургуну Ысык-Көлгө барып, сууга чөгүп кетти. Ал катуу ооруп жүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 27-майда эртең менен Чолпон-Ата шаарынын тургуну белгисиз жигиттин сөөгүн Алтын-Балалык санаториясынын аймагындагы пирстин астынан тапкан.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана полиция кызматкерлери келип, сөөктү суудан алып чыгышкан. Ал Бишкек шаарында 2005-жылы туулган, 9-класстын окуучусу болуп чыкты.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм катуу ооруп жүргөндүгү жана ага лейкоз диагнозу коюлганы аныкталды. Мектеп окуучусу рюкзагына таш толтуруп, пирстен көлгө боюн таштап жиберген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1787