Паспорт кризиси. Эскилердин формалары эбак бүткөн, ал эми жаңылардан дайын жок
RU

Паспорт кризиси. Эскилердин формалары эбак бүткөн, ал эми жаңылардан дайын жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда паспорт таңкыстыгы уланууда. Дал ушул тапта, чет өлкөгө эс алууну пландаштырган же жайкы жумушка баруу керек болуп, миңдеген жарандар паспорт алам дегенде эки көзү төрт болуп турат.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы эки үлгүдөгү - 2006 жана 2021 чип камтылган паспортторду берет. Эки учурда тең, жарандар чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

2006-жылдагы паспорттун бланктары түгөнгөн

Негизги кризис 2006-жылкы үлгүдөгү паспорт бланктардын жоктугунан улам болуп жатат. МКК бул көйгөйдү пандемияга жана Казакстан менен Россияга кирүүнүн жаңы эрежелерине байланыштуу, бул паспортторго суроо-талаптын жогорулагандыгы жана МКК акыркы айларда бланктардын дээрлик жылдык запасы түгөнүп бүткөндүгү менен түшүндүрдү. Эмне үчүн МКК күтүлүп жаткан кескин өзгөрүүлөргө даярданбаганы белгисиз. 2021-жылдын башында эле формалар жетишсиз болуп, МКК үнөмдөө режимине өткөн. Паспортторду шашылыш чыгып кетүү үчүн гана берип келгени белгилүү болду.

МККнын билдиришинче, запастагы бланктарды үнөмдөө жарандар 2021-жылкы үлгүдөгү паспортторду бере турган учурга чейин созулат.

Бирок, белгилүү болгондой, бланктар эчак эле калбай калган, документтерди кабыл алууну официалдуу түрдө бүгүн токтотушту, ал эми жарандар бир нече күндөн бери бейрасмий арызданып келүүдө.

Жаңы паспорт маселеси дагы чечиле элек

Эми өлкөдөн чыгуунун бирден бир жолу 2021-жылкы паспорт алуу. Бирок бул да оңой эмес.

Кезектердин көптүгүнөн улам адамдар документтерин тапшыруу үчүн бир нече күн Калкты тейлөө борборлоруна барууга аргасыз. Бүгүн эртең менен паспорт системасы жарым күнгө таптакыр иштебей калды. МКК муну аргасыз чара деп атады.

Бирок документ тапшырууга үлгүргөндөр деле өз убагында ала алышпайт.

"4-майда балама паспорт алганы документ тапшыргам. Баланын паспорту 10 күндүн ичинде даяр болот деп айтышып, алар өздөрү чалып же билдирүү жөнөтөбүз дешкен. Өткөн аптада эле чалышмак, бирок эч ким кабарлаган жок. Бүгүн КТБна мен өзүм барып такташым керек болуп калды", - деди Бишкектик Юлия.

Тез арада жалпы жарандык паспорт берүү кызматы иштебей эле

Чет өлкөгө шашылыш түрдө чыга тургандар дээрлик үч жума күтүүгө аргасыз. Белгилүү болгондой, учурда документти тез арада иштеп чыгуу кызматы жок.

МКК жума күнү биринчи паспортторду бере баштаарын жана андан кийин тез арада каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгүн түзө тургандыктарын билдирди. Бирок алар кайда, кандай шартта берээрин так айтышкан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1795