67 жаштагы адамды келекелеп бейбаштыкка шектелгендер: Биз жөн эле тамашалайлы дегенбиз
RU

67 жаштагы адамды келекелеп бейбаштыкка шектелгендер: Биз жөн эле тамашалайлы дегенбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жигит 67 жаштагы кишини Кочкордун борборунан алып чыгып, коркутушкан. Алар жөн гана тамашалап коёлу дегенбиз деп ырасташкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, социалдык тармактарда резонанс жараткан жаңылыктар пайда болоору менен милиция кызматкерлери 67 жаштагы Абдыжапар Мамытовду өлтүрөм деп коркутуп, сыртка алып чыгышкан шектүүлөрдү издей баштаган.

"Нарын облусунда бул кишини бардыгы тааныйт бирок ага эч кимиси көңүл бурбайт, анткени ал чындыгында кичинесинен бери оорукчан. Ал баарына сылык-сыпаа кайрылат, кээде туугандары тыюу салганына карабастан садака сурайт", - деп түшүндүрүштү укук коргоо органдарынан.

Белгилүү болгондой, эки жигит Жапарды (аны Кочкордо ушинтип аташат) унаага отурууга буйрук берип, жолдо өлтүрүп, тоого же көрүстөнгө көмүп салабыз деп коркутууга алышкан.

"Учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, милиция бөлүмүндө. Экинчиси дагы кармалган. Эки шектүү тең тамашалап коёлу дегенбиз, өлтүрүүнү түк ойлогон эмеспиз деп жатышат" деп коопсуздук кызматкерлери билдирди.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды уурдоо" беренеси боюнча катталып, териштирүү жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1815