1-июлдан тартып алкоголь жана тамеки продукцияларын маркалоо милдеттүу болот
RU

1-июлдан тартып алкоголь жана тамеки продукцияларын маркалоо милдеттүу болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилерин эске салат. Мындай билдирүү kaktus.kg редакциясынын почтасына келген.

Берилген маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен тышкары), шуулдама шараптар (шампанды кошкондо), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.

Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар маркалоонун GTIN-коддордун алуу үчүн биринчи кезекте GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл.

Андан кийин маркалоонун улуттук оператору "Альфа Телеком" ЖАК менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт, маркалоо коддоруна тапшырык берилет, аларды товарга түшүрүү жана аны жүктөө катталат.

"Альфа Телеком" ЖАКы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылса болот:

Бишкек шаарында:

  • Восток-5 кичи району, Чүй пр., 32/б үйү, "Изумруд" соода борборунун жанында;
  • Кожевенная көчөсү, "Дордой" базары, 1-өтмөк, № 60-61 конт. ("Мир обуви");
  • Чүй пр., 204, "Берекет Гранд" соода борбору, 0-кабат;
  • Айтматов пр., 3, "Asia Mall" соода борбору, 0-кабат.

Ош шаарында - Масалиев пр., 2 (багыттама – Каныкей эстелиги).

Кара-Суу шаарында – Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп интернаты). Кошумча маалыматты "Текшер" системасынын www.main.teksher.kg сайтынан, ошондой эле 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.

Кыргызстанда товарларды маркалоо системасы "СМАРТ Салым" салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды, "Жыйынды пост" маалыматтык системасын, программных (виртуальных) ККМ-онлайнды киргизүү менен бирге ишке ашырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1822