УКМК экс-депутатты текшерип мыйзам бузууларды тапкан жок. Бирок баары бир 100 млн төлөттү
RU

УКМК экс-депутатты текшерип мыйзам бузууларды тапкан жок. Бирок баары бир 100 млн төлөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында мыйзамдардын талаптарын бузуу аныкталган эмес.

Бирок, ошого карабастан, Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти

өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирген.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1824