Активисттер эски аянтка боз үй тигүүгө аракет кылышты. Аларга уруксат берилген жок (видео)
RU

Активисттер эски аянтка боз үй тигүүгө аракет кылышты. Аларга уруксат берилген жок (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда, милиция кызматкерлери экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын статусунан ажыратууну жактаган Кыргыз Үмүтү кыймылынын активисттерине эски аянтка боз үй тигүүгө уруксат беришкен жок.

Буга чейин активисттер 2020-жылдын октябрь окуясынын "катышуучулары жана курмандыктары" болгондуктан аларга көңүл буруп, жардам берүүнү суранышкан.

Аларга көңүл буруу үчүн митингчилер боз үй тигүүнү чечишкен. Бирок эртең менен эрте шаард милициясы бул аракетти токтотту. Активисттер Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне жеткирилди. Жалпысынан 20га жакын адам камалды.

Алардын биринин айтымында, эгер аларды бошотушса, кайрадан аянтка чыгышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1850