5-июнда Бишкекте бир катар райондордо суу болбойт. Сиз жакта эмес бекен билип алыңыз
RU

5-июнда Бишкекте бир катар райондордо суу болбойт. Сиз жакта эмес бекен билип алыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы бир катар шаарлардын тургундарын ичүүчү сууну камдап алууга үндөдү. Бул тууралуу билдирүүнү шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы жөнөттү.

5-июнда саат 08:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-турмуш-тиричилик объектилеринде жана өндүрүштө суу болбойт:

  • Ауэзов, көч.- Шабдан Баатыр (Чүй пр.) - темир жол линиясы - "Учкун" конушунун аягына чейин;
  • Исакеев көч. - Шабдан Баатыр көч. - Ауэзов көч. - Ч.Валиханов көч.;
  • Л.Толстой көчөсүнөн Ауэзовдон -Аламүдүн дарыясына чейин;
  • Төкөлдөш району (7-апрель көчөсү - темир жол линиясы - Менделеев көч.)

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1869