Орхан Инандыны чет өлкөлүк кызматтар уурдап чыгыштыбы? Депутат ИИМден жооп талап кылды
RU

Орхан Инандыны чет өлкөлүк кызматтар уурдап чыгыштыбы? Депутат ИИМден жооп талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Улукбек Омронов парламентке Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн чакыртууну сунуштады. Ал 3-июнь күнү өтүп жаткан Жогорку Кеңештеги жыйында "Сапат" билим берүү мекемелердин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инандыны дайынсыз жоголуусу боюнча маселени көтөрүп чыкты.

"3 күн өттү. ИИМ кандай чараларды көрүп жатат, айтып беришсин", - деди депутат.

Аны менен Дастан Бекешев да мкул болду. Беешевдин айтымында, коомчулук Инандынын жоголуп кетүүсүн кызуу талкуу кылып жатат.

"ИИМ кандай аракеттерди көрдү? Жаран жөн турган жеринен жок болуп кетти, бул туура эмес. Учурда тышкы атайын кызматтар аны уурдап чыгышты, деген имиштер жүруп жатат. Менин оюм боюнча андай эмес. Бирок, бул маалымат тастыкталышы керек", - дейт Бекешев.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө парламент депутаттардын сунушун колдоп, түшүндүрүу берүү үчүн ИИМдин өкүлүн чакыртууну эп көрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1875