"Сапат" Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат бергендер үчүн сый акы жарыялады
RU

"Сапат" Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат бергендер үчүн сый акы жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Сапат" (мурунку "Себат") кыргыз-түрк лицейлеринин тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз жоголду. Анын кайда жүргөнү тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадаланууда.

Акчалай сыйлыктын өлчөмү берилген маалыматка жараша болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Байланыш телефондору: 0550 049 050; 0555 155 144.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 31-майда, болжол менен кечки саат алтыда, ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө анын жол тандабас унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган. Учурда милиция Орхан Инанды издеп жатат. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырды. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аймагы 1-июнь күнү кечинде курчоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1876