Таксист Бишкектен Ошко жүргүнчү алып келген. Бирок кардар жолдон баратып каза болуптур
RU

Таксист Бишкектен Ошко жүргүнчү алып келген. Бирок кардар жолдон баратып каза болуптур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таксист кытайлык жаранды Бишкектен Ошко алып келген. Дарегине жеткирип келгенден кийин кардары каза болуп калганын билди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына түштүк борбордун ИИБси маалымдады.

Белгилүу болгондой, кечээ, 3-июнда тез жардам жана милиция кызматына телефон чалуу түшкөн. Анда чалып жаткан адам, анын унаасында жүргүнчү каза болуп калганын билдирген.

Көрсө Оштун тургуну Бишкектен Ош шаарына кытайлык жаранды алып келет. Оштогу "Пекин" мейманканасына келип, уктап жаткан кардарын ойгото баштайт. Бирок кытайлык жаран эбак эле каза болуп калган экен.

Бишкектен Ошко келаткан кардар унаанын салонунан чыккан эмес, башка жүргүнчүлөр да анын абалына жана ден соолугуна көңүл бурушкан эмес.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлө баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1898