Бишкек шаарынын мэрине жык-жыйма жана кир маршруттар менен жүрүп көрүүнү сунушташты
RU

Бишкек шаарынын мэрине жык-жыйма жана кир маршруттар менен жүрүп көрүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын чиновниктери шаардагы транспорттун көйгөйүн жон терилери менен сезиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда альтернативдик транспорттун түрлөрүн жактаган активисттер брифингде билдирди.

Peshcom жарандык демилгесинин негиздөөчүсү Рада Валентина кызы мэрге жана шаардын жол инфраструктурасына жооптуу кызматкерлерине велосипедге өтүүнү же өздөрү жөө жүргүнчү болуп жол куруу принцибин түшүнүүнү, коомдук транспортто жарандардын мүдөөлөрүн жакшы түшүнүү үчүн пайдаланууну сунуш кылды.

"Эмне үчүн биз маршруттук таксилерден баш тартышыбыз керек? Алар кыймыл-аракети чектелген адамдар үчүн таптакыр ыңгайсыз. Мен маршруттук таксилерге отурганда, мэр жана депутаттар өздөрү коомдук транспортту колдонушса деп ойлойм. Бул иш чындап кызык болмок. Ушундай шартты бардык жарандар колдонушат, анын ичинде биздин балдар да бар", - деп кошумчалады Рада Валентина кызы.

"Велосипедчилер жамааты" коомдук уюмунун негиздөөчүсү Чолпон Асанакунова белгилегендей, мэрия веложолдордун курулушу жөнүндө гана отчет берет, ошол эле учурда алар бардык талаптарга жооп бербейт. Анын айтымында, Бишкекте веложолдор велосипед менен кыска гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок аны транспорттун түрү катары колдонушпайт. Ал үчүн велосипед тилкеси болушу керек - жолдон жана тротуарлардан бөлүнгөн тилке.

"Велосипед колдонгондордун бардыгы жол жок жерден башталып, эч жерден бүтпөй тургандыгын билишет", - деди ал.

Активисттер борбор калаанын жетекчилерин автоунаа айдоочулар үчүн гана эмес, жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жол шарттарын жакшыртууга жана транспорттун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүүгө чакырышты.

Эскерте кетсек, Бишкекте бир нече күндөн бери маршруттук таксилер линияга чыга элек. Калган коомдук транспортторго эл батпай, адамдар аны аялдамаларда көпкө чейин күтүп калууда. Көпчүлүгү жумушка жөө жалаңдап барууда. Маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени тез арада көтөрүүнү талап кылышууда. Мэрия өз кезегинде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрь айында чечилерин билдирди. Бирок маалымат булагы айдоочулар көп убакытка иш таштоону ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1899