Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун иш графиги өзгөрөт
RU

Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун иш графиги өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик калкты каттоо кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, эми Кыргызстан боюнча КТБлар жана ЖААКПКК бөлүмдөрү саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругуна ылайык кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 2021-жылдын 31-августуна чейин киргизилген.

Буйрукка МККнын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 2021-жылдын 3-июнунда кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1900