Бишкекте, Алыкулов көчөсүндө машине 10-11 жаштагы баланы коюп кетти. (видео)
RU

Бишкекте, Алыкулов көчөсүндө машине 10-11 жаштагы баланы коюп кетти. (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

На улице Барпы Алыкулова сбили ребенка примерно 10-11 лет. Водитель увез ребенка в неизвестном направлении.

Бүгүн, 4-июлда, болжол менен саат 14:30да, Бишкектин Барпы Алыкулов көчөсүнөн машине баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына окуяга күбө болгон киши билдирди.

анын айтымында, LADA ВАЗ-21099 унаасынын айдоочусу 10-11 жаштагы баланы коюп кетти. Андан кийин чыгып, баланы салонуна көтөрүп салып, белгисиз тарапка кеткен.

"Биз анын жанына барып жетишкен жокпуз. Бала эс учун жоготуп койгон. Бут кийими бир нече метрге учуп кеткен. Кырсык болгон жер кан болуп, алдыңкы фарасынын айнектери калган", - деди окурман.

Жол кайгуул кызматы бул дарек боюнча жол кырсык болгондугу тууралуу маалымат берилген эмес, деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1906