Бабановду айыптаган тергөөнүн бүтүмдөрү жоромолдорго гана негизделген. Далилдер жок
RU

Бабановду айыптаган тергөөнүн бүтүмдөрү жоромолдорго гана негизделген. Далилдер жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Бабановдун камакка алынышы коомчулуктун суроолорун жаратып, юристтерди таңкалтырды. Ал эми Биринчи май райондук сотунун аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарышы, жалпы элдин нааразычылыгын пайда кылды.

Камакка алынуусу

31-майда УКМК Өмүрбк Бабановду күбө катары чакырткан. Белгилүү болгондой эки саатка созулган сурактан кийин ал келе тургандыгы тууралуу документке кол коюп, УКМКдан чыгып кетиши керек болчу. Бирок буга чейинки суракка катышпаган тергөөчү келип, аны камакка алуу тууралуу протоколду көрсөткөн.

Адвокаттын айтымында, Бабанов эмнеге шектелип жаткандыгын ага түшүндүрүшкөн жок. Протоколдо ошондой деп эле жазылган: "Шектөөнүн маңызы мен үчүн түшүнүксүз. Кандайдыр бир кылмыш жасаганымды толугу менен мойнума албайм", - деп.

Бабановду кармап, эки күнгө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырышкан. Бизге белгилүү болгон себеби бирөө эле - бул "Кумтөргө" байланышкан иш.

Шек саноо тууралуу дезинформация

УКМК Бабановго каршы кылмыш иши боюнча кошумча маалымат берген жок. Экс-премьердин адвокаттары да жаза көрүү чарасын аныктоо сотуна чейин иштин деталдарын билишкен эмес.

Ал ортодо, интернетте, кылмыш иш Бабанов премьер-министр болуп турган кезде "Ала-Тоо Финанс" мамлекеттик микрокредиттик компаниясын ачканына байланыштуу, деген имиштер чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө бул маалымат чындыкка жатпайт, жана жогоруда айтылган иштин негизинде ага карата иш козголбогонун адвокаттар билдиришти.

Кечээ Instagram'дагы бир катар аккаунттарда Бабанов "Кумтөрдөн" $150 млн пара алган, деген имиштер тарай баштаган.

"Калп канчалык реалдуулуктан алыс болсо, эл ага ошончолук тез ишенет, деген чын окшойт. Өмүрбек Бабановду каралоо максатында бул фейктерди ойлоп таап жаткан өңдөнөт. Пара алды деген айыптоолордун бардыгы карандай калп. Бабановго карата мындай шек жана айыптоолор келтирилген эмес", - деп саясатчынын адвокаттары билдиришти. Алар жалган маалымат тараткан посттордун авторлорун сотко беришти.

Ошондо Бабановго кандай кине коюлуп жатат?

Азырынча, УКМК (башка расмий органдар дагы) Бабанов кайсы кылмышка шектелип жаткандыгын расмий билдире элек.

Депутат Дастан Бекешевдин айткандарынын негизинде, камакка алуу 2012-жылы КРдин ЖКсынын депутаттары "Кумтөрдүн" ишмердүүлдүгү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун колдобой койгонуна байланыштуу.

Бабановдун адвокатынын айтымында, шектөөлөрдүн бардыгы негизсиз, анткени Бабанов өкмөттү жетектеп турган кезде "Кумтөр" боюнча болгону эки чечим кабыл алган. Ал чечимдердин мыйзамсыз болуусу мүмкүн эмес.

"Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрь айынан тартып, 2012-жылдын август айына чейин премьер-министр болгон. Ал "Кумтөр голд компани" ЖАК тарабынан табиятты коргоо чараларын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн, жана ал кызматка келгенге чейин премьер-министр Данияр Үсөнөв 16 330 гектар жерди "Кумтөргө" өткөрүп берүү боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган. Биринчисинде да, экинчисинде да Бабанов тараптан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес", - дейт Амантур Абдырахманов.

Айыптоолордун өзөгүн Бабанов өзү деле түшүнө албай турат. Ал ага каршы ачылган кылмыш ишин абсурд жана мыйзамсыздык, деп атады. Ал чет элдик компанияга бөлүнүп берилген жерлерди кайра мамлекетке кайтарган жалгыз премьер-министр экенин эскертти.

Судьянын мыйзамсыз иш аракеттери

Алгач, жазага тартуу чарасын кабыл алуу соту 1-июнга караган түнгө белгиленген, андан кийин бир күнгө жылдырылды.

Экинчи июнда Биринчи май районундагы процесс сегиз саатка созулуп, жабык режимде өттү. Себеби прокурор ошондой болушун каалады. Бабанов жана анын жактоочулары соттук отурум ЖМКнын жана туугандардын катышуусу менен ачык режимде өтсүн деген өтүнүч менен кайрылганына карабастан прокурор отурумду жабык режимде өткөрдү.

Андан тышкары, Бабановдун адвокаттарына айыптоо документтери процесс башталганга үч саат калганда берилген. Аларда иштин материалдары менен таанышууга болгону жарым саат убакыт болду. Ошону менен сот башталганга чейин эле мыйзам бузуулар орун алган.

Андан кийин судья Чынгыз Бердимуратов Өмүрбек Бабановдун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкандан кийин, коргонуу тарап анын адилеттүүлүгүнөн күмөн санай баштаган.

Камакка алуунун мыйзамдуу себебин атай албган тергөөчүлөрдүн мыйзам бузууларын судья көз жаздымда калтырып жатты, дейт адвокаттар.

Мындай негиздерге төмөнкүлөр кирет: кылмыш жасап жаткан жеринен кармоо, башка тараптардын көрсөтмө берүүсү же шектелүүчүдө кылмыштын издери, далилдери калган. Бул пункттардын биринин дагы Бабановго тиешеси жок. Бабанов келе тургандыгы тууралуу милдеттенмеге кол койгон. Ошондо, ал эмнени негизинде камакка алынган, - деген суроого тергөөчү так жооп бере алган жок.

Адвокаттар сотко ишенбөөчүлук көрсөтө турганын билдиришти. Алардын айтымында судьянын кызыкчылыгы бар болгондуктан маселени адилеттүү карай алган жок. Бирок бул өтүнмө да канааттандырылбаган тейден калып, судья Бердимуратов Өмүрбек Бабановду эки айга камакка алуу жаза чарасын кабыл алды.

Жоромолдоолордун негизинде жүргүзүлгөн тергөө

Өмүрбек Бабанов жана аны жактагандар ага коюлган айыптоолордун, соттун аны камакка алуу чечими мыйзамдуу деп табуусун жана ага жаза көрүу чараларын моюндаган жок. Адвокат Амантур Абдырахманов белгилегендей, Бабановдун айыбын тастыктоочу далилдер жок, ошондуктан тергөөнүн бүтүмдөрү жоромолдорго гана негизделген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1946