"Күн сайын ичип келет". Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун башчысынын видеосун көрсөттү
RU

"Күн сайын ичип келет". Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун башчысынын видеосун көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Сот жана укуктук тутумду өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отурумунда Чүй облустук сотунун төрагасынын видеотасмасын көрсөттү. Президент сот жумушка дайыма мас болуп келет деди.

Жолугушуу аяктагап калганда Жапаров бир-эки мүнөт сурады жана видеотасманы көрсөттү.

Көңүл буруңуз, видеокөзөмөлдөөчү камералардан коридордо эркек киши чөгөлөп отурганын, ал ордунан туруп, эшикти ачууга аракет кылганын байкоого болот. Эркектин аракети мас абалындагы адамдын кыймылына окшош.

Видеону көргөндөн кийин Президент Жогорку Соттун Төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып, аны тааныйсызбы деп сурады.

"Чүй облустук сотунун төрагасы окшойт" деп жооп берди Бакирова.

"Сиз туура тааныдыңыз " деди Жапаров.

Президент мыйзамдар жана кодекстер Конституцияга шайкеш келтирилип жаткандыгын, сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгын, анын максаты сот адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулук экендигин эске салгандан кийин.

"Эгерде бизде ушундай соттор болсо, эч өзгөрүү болбойт, мыйзамдарды алтын тамгалар менен жазсак дагы, биз мындай соттор менен реформаларды аягына чыгара албайбыз. Ошондуктан, урматтуу Жогорку Соттун Төрайымы, тезинен өзүңүздөрдү тазалаңыз, бүгүн Соттук кеңештин жыйынына салыңыз ", - деди Жапаров.

Бакирова бүгүн тиешелүү чечим кабыл алууну убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1952