Сүлүктү шаарында шахта урап, 20 жаштагы жигит каза болду
RU

Сүлүктү шаарында шахта урап, 20 жаштагы жигит каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Батке облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп, жаш жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, 8-июнда болжол менен саат 18:00до "Ас-Сүлүктү" ЖЧКсынын шахтасы урап түшкөн. Натыйжасында 2001-жылы туулган Н.Н. каза тапты. Андан тышкары 1985-жылы туулган М.у И. жабыркаган. Анын учурдагы абалы орто деген баа берилүүдө.

Кырсык катталган жерде ӨКМдин 11 куткаруучусу иш алып барып, жабыркаган жаранды чыгарышкан. Каза болгон жигиттин сөөгү тиешелүу органдарг өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1978