Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына келди. Аны маданият жана туризм министри тосуп алды
RU

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына келди. Аны маданият жана туризм министри тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасынын борбору - Анкара шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • резиденттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
  • саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1982