Улукбек Марипов "Менин үйүм 2021-2026" турак-жай программасы боюнча кеңешме өткөрдү
kaktus.kg

Улукбек Марипов "Менин үйүм 2021-2026" турак-жай программасы боюнча кеңешме өткөрдү

52  0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

"Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4% чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алынып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

"Мамлекет тараптан жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоо – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок ипотекалык компания бул милдеттерди өзүнө алып жаткан соң, милдеттер качан жана кантип ишке ашырыла тургандыгын көрсөтүү керек", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчирээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иштер аткарылууда.

"Мамлекеттик ипотекалык компания "ортомчулук" кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү тийиш. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү тийиш", - деп белгиледи Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны тыкыр карап чыгып, долбоорлордун ишке ашырылышына өзгөчө басым жасоо тапшырмасын берди.

"Алдыга ишке ашпаган милдеттерди коюунун зарылдыгы жок, бардык иш-аракеттер "реалдуу мүмкүнчүлүктөрдөн келип чыгышы кажет", - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/1998Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА