Бекешев: Суунун тартыштыгы нааразычылыктарды жаратып жатат. Бул чоң конфликтке алып келет
RU

Бекешев: Суунун тартыштыгы нааразычылыктарды жаратып жатат. Бул чоң конфликтке алып келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев республика боюнча суу тартыш болуп жатканын билдирди. Дыйкандар талааларын сугара албай жатышат.

"Өкмөт оңгулуктуу жооп берген жок. Кимдир бирөө глобалдуу жылуулук болуп жаткандыктан, деп актанды. Мөңгүлөр ээрип жатат, а бирок суу жок. Мындай болушу мүмкүн эмес! Эч ким ирригация маселесин караган жок. Ошонун айынан конфликттер башталды, жакында эле өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү", - деди Бекешев.

Бул көйгөй чоң конфликтке алып келиши мүмкүн. Сугатка эмес, өздөрүнө колдонгонго суу жетпей турса, жөнөкөй жарандар нааразычылыгын көрсөтүп чыгат.

Анын айтымында, ирригациялык каналдарды тазалоо планын иштеп чыгып, ичүүчү суунун тартыштыгын чечүү зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1999