Жалал-Абадда баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө сатып жүргөн жолго бөгөт коюшту
RU

Жалал-Абадда баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө сатып жүргөн жолго бөгөт коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизатты ташуу жана сатуу каналын аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул жөнүндө Ичики иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-июнь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, ИИМдин БМЖКККнын жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган И.Ж.ни кармашкан. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн, таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү "гашиш" баңгизаты табылган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө, - деп ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2013