Айзада Канатбекованы ала качты деп беш адам айыпталууда. Бири күнөөсүн мойнуна алган жок
RU

Айзада Канатбекованы ала качты деп беш адам айыпталууда. Бири күнөөсүн мойнуна алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-жаштагы Айзада Канатбекованын ала качуусу жана өлүмү тууралуу соттук териштирүү өттү. Аны Змир Тенизбаев уурдап, өлтүрүп андан кийин өз жанын кыйган.

Сот залында прокурор айыптоону угузуп, айыпталуучулардын алар өз күнөөсүн мойнуна алышабы деп сурады.

Айыпталуучулар:

  • Сыймык Молдосариев - айыбын жарым жартылай мойнуна алды;
  • Токон уулу Кубаныч - айыбын жарым жартылай мойнуна алды;
  • Рысбай уулу Ажикабыл - айыбын жарым жартылай мойнуна алды;
  • Замирбек Раманкулов - өзүн күнөөлүү деп эсептебейт;
  • Орузбек Нурумбетов - толугу менен күнөөсүн мойнуна алды.

***

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2015