19 жаштагы Азиз Бишкекте жоголуп кетти. Аны табууга жардам бериңиз
3092
Дайынсыз жоголгон Сүйналиев Азиз, 2002-жылы туулган. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирет.
Маалым болгондой, 9-июнь күнү саат 08:30 чамасында 8-кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен. жана ушул күнгө чейин кайтып келе элек.
Ал мезгилге ылайыктуу кийинген: көк джинсы, жазуусу жок шаардын сүрөтү түшүрүлгөн ачык күрөң футболка, кара сетка кроссовка кийип жүргөн.
Белгилери: бою 175 см, салмагы 50 кг, арык чырай.
Белгиленгендей, Азиз Сүйналиевде унутчаактыктын жеңил даражасы бар. Медициналык жардамга муктаж болушу мүмкүн.
Маалыматка ээ болгондор ушул номерлерге байланышып коюңуздарды өтүнөбүз: +996 555 23 04 90, +996 755 07 47 20.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/2034