"Коомдук транспорт менен колдонобуз". Асылбек Жээнбековдун кызы атасы жөнүндө айтып берди
RU

"Коомдук транспорт менен колдонобуз". Асылбек Жээнбековдун кызы атасы жөнүндө айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын СИЗОсунда отурган Асылбек Жээнбековдун кызы өз атасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Асылбек Жээнбеков саясатка келгенге чейин эле бизнес менен алектене баштаган жана саясатка келгенден тартып анын байлыгы көбөйгөн эмес. Атасы аларды катуу кармап, токтоо болууга үйрөткөн.

"Биз коомдук транспорт менен колдонобуз, өзүбүз тамак жасайбыз, өзүбүз конок тособуз, кадимки иштердин бардыгын жасайбыз. Башка адамдар элестеткен жашоо менен жашаган эмеспиз жашабайбыз дагы. Чоң атабыз балдарына ошондой тарбия берген экен, атабыз да бизге ошондой тарбия берип жатат. Атам кандай болбосун эмгектин акысы бар, деп үйрөткөн. Байлык менен бийлик түбөлүктүү эмес. Андан көрө жан дүйнө, билим кымбат. Эки агам менен эки эжем улуттук жана славян университеттерин аякташкан, эч кандай мамлекеттик кызматта иштешпейт, ар бири өз жолун таап, тиричилигин өткөрүп жатат", - деп Жээнбековдун кичүү кызы жазды.

Өзү тууралуу "Манас" университетин аяктап, учурда Питердеги университетте ветеринардык медицинанын магистратурасын улантып жатканын айтты.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Асылбек Жээнбековду колдогон колдонуучулар активдешип башташты. Аккаунттарды карап көрсөк, айрым колдонуучулар буга чейин 2020-жылдын октябрында өткон парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын талапкерлерин колдоп келишкен экен.

Эске салсак, Асылбек Жээнбеков 31-майда Өмүрбек Бабанов жана Төрөбай Зулпукаров, мурунку депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев менен "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган. Алардын бардыгы СИЗОго эки айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2056