Дыйкандар: Суу тартыштыгынан түшүм күйүп кетиши мүмкүн. Азык-түлүктүн басы дагы көтөрүлөт
RU

Дыйкандар: Суу тартыштыгынан түшүм күйүп кетиши мүмкүн. Азык-түлүктүн басы дагы көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте жер иштеткендердин митинги өттү. Алар суу ресурстарын бөлүштүрүүнү бир тартипке келтирүүнү талап кылышты.

"Сугат сууну бөлүштүрүүнү тартипке келтиришсин. Суу болбосо, түшүмү жок калабыз. Буудай, арпа күйүп кетти. Биз аларды эккенге кредит алганбыз. Эми кантебиз?", - деп дайкандар нааразычылыгын айтышты.

Быйыл кургакчылык экенин түшүнүп турабыз. Бирок, бары бир көйгөйдү чечүүнүн жолун табыш керек да.

"Суу мурунку жылдагыдан аз. Дегеле, ушунчалык суу тартыш болгон эмес. Бийлик бул көйгөйгө көңүл бурууга тийиш", - деп митингге чыккандар айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2061