Озодлик: Мирзиёевдин күйөө баласы мамлекеттик каражаттын $6 миңине канцтовар сатып алган
RU

Озодлик: Мирзиёевдин күйөө баласы мамлекеттик каражаттын $6 миңине канцтовар сатып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов мамлекеттик каражаттын эсебинен 51 миллион сумга ($6222) Montblanc фирмасынын канцелярдык шаймандарын сатып алган. Бул фактыны тастыктаган документтер Азаттыктын өзбек редакциясы - Радио Озодликке келип түшкөн.

Документке ылайык, сатып алуу 2018-жылы ишке ашкан, ал кезде Ойбек Турсунов Прездиенттик администрациянын финансы-чарба дирекциясынын генералдык директору кызматын ээлеп турган болчу. Учурда кайсы кызматта экени белгисиз.

Мирзиёевдин экинчи күйөө баласы Отабек Умаров Президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келет.

Мындан мурун журналисттер, Отабек Умаров Tesla унаасын минип алып, түнкүсүн жарыш уюштургундыгы жана MMA мушкеринин $100 миң турган футболкасын сатып алгандыгы тууралуу жазып чыгышкан

Өзбекстанда ушу күнгө чейин, президенттин убада бергенине карабастан, чиновниктерден өз кирешелери тууралуу декларация толтурууну милдеттендирген мыйзам кабыл алына элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2078