"Апа, мени чыгарып кетүүгө эки жумаңыз бар", - деп түрмөдө отурган кызы апасына жазган
RU

"Апа, мени чыгарып кетүүгө эки жумаңыз бар", - деп түрмөдө отурган кызы апасына жазган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Наталья Лазарева кайрылды. Анын айтымында 18 жаштагы кызын мыйзамсыз камакка алышкан.

"Ушул жылдын 26-ноябрында кызым экөөбүз аялдамада турганбыз. Жаныбызга эки киши басып келип, машинага түртүп, салып кетишкен. Биз эмне болуп кеткенин түшүнгөн да жокпуз. Бул жакта эмне болуп жатат, деп нааразы болгонума: "Эмне билбейсизби? Кызыңызга издөө жарыяланган." дешти. Жеткиче бизге карата бир топ сөгүнүүлөр айтылды", - деп айтып берди Лазарева.

Кызыма: "Акыры колго түштүңбү? Эми милиция сени эме кылат... Сен бул жактан эми чыкпайсың", - деп коркутушту.

Наталья Лазареванын айтканына караганда, экөөнү Октябрь РИИБсине алып келишкен.

"Кызымды алып кетип калышты, а мени дежур бөлүктө калтырышты. Андан кийин аны медициналык текшерүүгө алып кетип, бир сааттан кийин алып келишкен. Ал ортодо мен досубузга телефон чалып, эмненин негизинде бизди салып кетишти, дегеле эмне болуп жатканын сурадым. Бизге сотко чакыруу кагазы келгенин айтышты", - дейт аял.

Бирок анын айтымында алар эч кандай чакыруу алышкан эмес. Ал эми экөөнү милициянын кызматкерлери эмес, кызынын мурунку жумуш берүүчүсү досу менен машинага салып кетишкен.

"Былтыр кызым жашы жете элек болуп туруп, компьютер клубуна жумушка кирип алат. Ал жөнүндө мага айтайт. Анткени, мен акчага жоопкерчилик бар жерлерге иштөөсүнө каршы болчумун. Мен деле андай кызматтарда иштегем, айлык көп сезилгени менен ар дайым "недостача" болуп калат. Бир жума иштеп, жумуш берүүчү тийише бергендиктен кетип калат", - деп айтып берди Наталья Лазарева.

Ал кызыма тийишиптир, кызым каршылык көрсөтүп, орой жооп бериптир, ортодон уруш чыккан. Ошондон кийин эле жумушуна барбай коюптур. Ал жини келип башында кызыма 15 миң сом акчаны илип, андан кийин 23 миң сомдун жоопкерчилигин артат.

Натальянын айтымында, аларда акчаны кызы алганын тастыктай турган далилдери жок. "Бардык жерде камералары турат, далилдеп бергиле десем, эч нерсе көрсөтө алышпады".

Мурда да ушул эле иш менен Натальянын кызы кармалган экен.

"Былтыр кызым дүкөнгө чыгып кетип эки саатка жоголду. Андан кийин телефон чалып РИИБде экенин билдирди. Келсем, коркконунан бардык документтерге кол коюп салыптыр. Ошол жерден компьютердик клубдун администратору тийишкенин билип жатпаймынбы. Кызымдын жашы жете элек болсо да камкорчусу жок, адвокаты жок камакка алышкан", - деп белгиледи аял.

Мен Нурдинге (клубдун администраторуна. -Kaktus.media'нын эскертүүсү) кызым албаса да жоголгон акчаңды төлөп берейин, дедим. Бирок бөлүп-бөлүп төлөп берем, анткени жалгыз иштейм, батирде турабыз, чыгашанын бардыгы менин мойнумда, деп сунуштадым.

Лазареванын билдирүүсүнө ылайык, бир жыл мурун кызын камакка алганда дагы азыр дагы органдар эч кандай документтерди беришкен эмес. Мамлекет бөлүп берген адвокат иш менен таанышкан да жок.

"Кызыма эле убал болуп кетти, Нурдин улам коркута бергендиктен, кан тамырларын кесип, өзүнө кол салуу аракетин көрдү. Бир жолу "Акча тапканда келем, сизге зыян тийип калышын каалабайм. Мени коркутуп жатышат" деп кат жазып, үйдөн чыгып кетиптир. Үч ай издедим, көрсө Джалал-Абадка, атасынын жанына барып, иштеп акча табууга аракет кылыптыр", - деди ал.

Наталья юристтерге жардам сурап кайрылат, анткени адвокат жалдоого каражаты жок. РИИБ да эч кандай документтерди колуна карматкан эмес.

Наталья Лазарева редакцияга келээрден мурун кызы башка номерден СМС жөнөтүптүр: "Апа, мени Правда - Токтогулдагы убактылуу камакка которуп жатышат. Мени чыгарууга эки жумаңыз бар. Жетишип калыңызчы, суранам, болбосо СИЗОго жөнөтүшөт. Катя".

"Эртеси күнү кийимдерин алып келсем, бүт суу экен. Кийимдерин экспертизага берсем болмок. Ал азыр байпагы жок отурат. Мен акыркы жыйырма сомума сотко чейин жетишим керек. Эмне үчүн 18 жаштагы кыздын тагдырын талкалап жатышат?", - деп Наталья ыйлады.

Эмне үчүн ал аны менен жатыш керек эле? Кызым болгону макул эместигин көрсөттү, мына эми түрмөдө отурат. Ал кызыма жини келип жүрөт, алдын ала эскерткен экен. Бизди машинага да милициянын кызматкерлери эмес, ошол салып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/20