Call-борбор: Бишкекте бир аялдын үйүндө 35 мышыгы бар. Коңшулары ага нааразы (видео)
RU

Call-борбор: Бишкекте бир аялдын үйүндө 35 мышыгы бар. Коңшулары ага нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Малыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

Анын айтымында "Асанбай" кичирайонунун №2 көп кабаттуу үйдө бир аял өзүнүн батиринде 35 мышык кармайт. Мышыктардын айынан подъезддин ичи сасыйт.

"Мышыктар каралбайт. Аларга эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Анын уулу көчөдөгү мышыктарды үйүнө көтөрүп келе берет. Кошуналар алар менен бир нече ирет соттошушкан. Судья айып пул жазган. Бирок мышыктар ошо бойдон алардын үйүндө. Жакында ветеринарды чакыртып, бешөөнү алып кеттик. Калгандары калышты. Алардан кутулууга жардам бергилечи", - деп бишкектин тургуну арызданды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2135