Пакистан Кыргызстанга өз портторун пайдаланууга уруксат берүүгө даяр, бирок шарттар бар
RU

Пакистан Кыргызстанга өз портторун пайдаланууга уруксат берүүгө даяр, бирок шарттар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул күндөрү өтүп жаткан Анталия Дипломатиялык Форумунун алкагында, кечээ, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Макдум Шах Махмуд Хусейн Куреши менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки мамлекеттин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу, тышкы иштер министрликтеринин ортосунда ар дайым саясий консультацияларды өткөрүп, расмий сапарларды алмашууну уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Эки мамлекеттин потенциалына дал келбеген соода-экономикалык кызматташтык деңгээлине токтолуп, министр Руслан Казакбаев Пакистан тарапка быйыл өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары, ал Пакистан тараптан тез арада Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандагы медициналык комиссиянын "кара тизмесине" киргизбөө маселесин чечүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Куреши министр Руслан Казакбаевди расмий иш сапары менен Исламабадга келип кетүүгө чакырды. Пакистандын Карачи жана Гвадардагы Кыргызстандын деңиз портторун пайдалануусуна көмөктөшүүгө даяр экендигин белгилеп, Махмуд Куреши транзиттик жүк ташуу боюнча Пакистан - КЭР - Кыргызстан - Казакстан төрт тараптуу келишимин активдештирүү зарылдыгын билдирди.

Быйыл Ооганстандан эл аралык коалициянын аскерлеринин толугу менен чыгарылышына байланыштуу, тараптар терроризмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы биргелешип күрөшүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Руслан Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин, ошондой эле 2027-2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн колдоо өтүнүчү менен Пакистан тарапка кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2148