Жер тилке алууга жардам беребиз деп 4 миллион сомго алдап кетишкен. Шектүүлөр кармалды
RU

Жер тилке алууга жардам беребиз деп 4 миллион сомго алдап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда шылуундук кылат деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББси билдирди.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 12-декабрында райондук Ички иштер органдарына 61-жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну арызы менен кайрылды. Ал жакшы тааныш эмес адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, 4 миллион сом алып, ага Сокулук районунда бир нече жер тилкелерин алып берүүнү убада кылышкан. Өткөн жылдан бери жабырлануучу алардан жер тилкелерин да ала алган жок, акчасын да кайтара алган эмес.

Тергөө-оперативдик иш чаралардын жүрүшүндө 58-жаштагы А.М. кармалып, убктылуу сактоочу жайга жеткирилген. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/216