Теңгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдүн счётторуна доступ ала албай калдык. Анда $1,7 млрд бар болчу
RU

Теңгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдүн счётторуна доступ ала албай калдык. Анда $1,7 млрд бар болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан "Кумтөр голд компани" компаниясынын эсебиндеги $1,7 миллиррдга доступ ала албай калды. Бул тууралуу бүгүн, "Биринчи радионун" түз эфиринде компаниянын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк айтып берди.

Анын айтымында, 15-майдан 16-майга караган түнү "Центерранын" жетекчилиги алтын кендеги көзөмөлдөө системасын өчүрүп салган. Кыргыз тарап ишти калыбына келтирүү максатында эски, "Манас" системасын иштетүүгө аргасыз болду.

Андан тышкары "Центерра" Нью-Йорктогу сотко кайрылгандан кийин компаниянын камсыздоочулары (поставщик) жана подрядчиктери менен көйгөйлөр пайда болду. Камсыздоочулардын көбү компания ишин токтотту деп ойлоп, келишимдин шарттарын буза башташкан.

"Учурда кепилдик берүүчү каттарды жөнөтүүгө аргасыз болуп жатабыз, ал эми компаниянын Нью-Йорктогу юристтери камсыздоочуларга кат жазып, келишимдин шарттарын бузууга негиз жок экендигин түшүндүрүп жатышат", - деп Бөлтүрүк айтып берди.

Бирок негизги көйгөй, кыргыз тараптын финансылык активдерге жеткиликтүүлүгүн жоготуп алгандыгы. Иштер токтоп калбасын деп алар алтындарды сатууга аргасыз.

"Дагы бир чоң көйгөй - биздин эсептерибиз "Центерра" тараптан көзөмөлдөнөт. Алар акча каражаттарына доступту өчүрүп салышты. "Кумтөр голд компанинин" эсебинде акча жетиштүү. Директорлор кеңешинин акыркы жыйыны ушул жылдын март айында өткөн. Протоколго ылайык, банк эсебинде $1,3 млрд бар болчу. Быйыл 2020-жылдын таза кирешсин $400 миллионду которушкан болчу. Бизге $1,7 млрд каражат жеткилксиз болуп калды. Ошондуктан тез рада алтындарды сатып, элге айлык төлөп берүү чечими кабыл алынган. Биз бул көйгөйдү ийгиликтүү чечип алдык", - деп компаниянын тышкы башкаруучусу билдирди.

Эске салсак, мамлекеттик комиссия алтын кен иштетилип жатканда бир катар мыйзам бузуулуарды аныктап, андан кийин компаниянын тышкы башкаруучусу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2171