Ильхам Алиев Карабахтагы армян тилинде жазылган жол белгисин тебеледи
RU

Ильхам Алиев Карабахтагы армян тилинде жазылган жол белгисин тебеледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжандын президенти Ильхам Аиев Карабахтагы армян тилинде жазылган белгини тебеледи. Видео Oxu.az порталына жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, Илхам Алиев өзүнүн жубайы, Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиева менен бирге Гуадлинский жана Зангиланский райондоруна барышкан. Иш сапар өлкө башчысынын туулган күнүнөн кийин болгон.

Алиев жоокерлерге армян тилинде жазылган жол белгини алып салууну буюрду. Аскерлер анын каалоосун дароо ишке ашырышты.

Андан кийин Алиев жерде жаткан жол белгини тебелеп, жубайы менен сүрөткө түштү. Ошондой эле ал, эгер армяндыктар азербайжан тарапка бир эле ок атышкан болсо толугу менен талкаланууга дуушар болушат, деп баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/219