Ысык-Көлдө аэропорттун кызматкери 17 адамды куткарды. Алар жээктен 10 км узап кеткен
RU

Ысык-Көлдө аэропорттун кызматкери 17 адамды куткарды. Алар жээктен 10 км узап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл эл аралык аэропортундагы учууларды куткаруу жана өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Нурлан Рыскелдиев жээктен алысыраак кетип калган 17 адамды куткарды. Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 22-июнда, Ысык-Көлдө катуу шамал беш катамаранды түштүккө, жээктен 10 км алыстыкка айдап кеткет.

Рыскелдиев муну көрүп, аларга 50 кишиге ылайыкталган жеке кемеси менен сүзүп жөнөгөн. Ал 17 адамды куткарып калды жана үч катамаранды жээкке сүйрөтүп чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2212