Акылбек Жапаров "тошно" экономистпи? Министр мамлекетти кантип көтөрө турганын айтып берди
RU

Акылбек Жапаров "тошно" экономистпи? Министр мамлекетти кантип көтөрө турганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттин башкы экономисти жана финансисти Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасын кандайча көтөрө турганын айтып, бир нече аргументтерди келтирди.

"Бизди кубандырганы жана келечектен ишеним арттырганы бул балдардын көп санда төрөлүшү жана эмгекке жарактуу жарандарыбыздын көп болушу. Бул ресурс көптөгөн өлкөлөргө жетишпейт. Болгону, бир маселе абдан курч турат, бул жаштар арасында "жакыр өлкө комплексинен" кутултуу. Кабинетибиздин жакынкы арада ишке ашыра турган негизги максаты жумуш орундарын түзүү. Эл бар, балдар бар, аларга билим берип, атаандаштыкка туруктуу кылыш керек", - деп Жапаров айтып берди.

Чындап эле ушунчалык оптимистүү коз карашта болууга негиз бар болду бекен? Карап көрөлү.

Балдардын көп төрөлүшү - экономика үчүн жакшыбы?

Балдардын көп төрөлүшү экономикалык көрсөткүчтөр менен түздөн-түз байланышкан. БУУнун калктын жайгашуусу Фондунун докладына ылайык, калктын санынын тез өсүүсү экономикалык өнүгүүго тоскоолдуктарды жаратат жана жакырчылыкты көбөйтөт. Эгер 1980-жылдар балдардын төрөлүшүн бир аз жайлатсак, дүйно жүзүндөгү жакырчылык үч эсеге аз болмок. Кедейликти жеңүү үчүн мамлекеттер демографиялык маселелерин чечип, жакыр жашагандардын тиричилигиндеги санитардык абалды жакшыртууга жана алар үчүн жагымдуу шарт түзүүгө аракет кылыш керек.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы бул теорияны далилдеп турат. Маселен жашоо деңгээли жогору мамлекеттердин катарына кирген Түштүк Кореяда 1 миң жашоочуга 6 жаңы төрөлгөн ымыркай туш келет. Японияда - 7, Евросоюзга кирген өлкөлөрдө - 9, АКШда - 11. Бул 2019-жылдын көрсөткүчтөрү.

Кыргызстанда 2019-жылы 1 миң жашоочуга 27 жаңы төрөлгөн ымыркай туш келчү. Ушундай эле көрүнүш, Папуа-Жаңы Гвинеяда, Намибияда, Кенияда жана Пакистанда. Эң жогорку көрсөткүч Нигерияда байкалган, бул өлкөдө 1 миң адамга - 46 жаңы төрөлгөн ымыркай туш болот. Чад өлкөсүндө - 42, Сомалиде - 41.

Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда өлкөдө жыл сайын 120-130 миң бала төрөлөт. 2030-жылы Кыргызстанда эки эсе көп, тагыраак айтканда 230 миңден бала төрөлө баштайт.

Жумуш орундарынын жоктугун жана жакын арада экономикалык дүркүрөп өсүү күмөн болуп турганын эске алганда, балдардын көп төрөлүшү калктын жакыр катмарын көбөйтүү же болбосо эмгек мигранттардын жаңы партиясын даярдоо дегенди эле билдирет.

Айрым жакыр өлкөлөр, экономикалык кесепетин эске алып, азыртадан баштап балдардын төрөлүшүн көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатышат. Маселен, 2019-жылы Тажикстандын өкмөтү калкты контрацепциялоо долбоорун ишке ашырган. Өлкө жетекчилиги балдардын санын эле пландаштырбастан, алардын төрөлүү мезгилин да үй-бүлөлүк бюджетке ылайык пландаштырууга чакырык салып жатат.

Эмгекке жарактуу жарандардын ашыгы менен болушу - жакшыбы?

Акылбек Жапаров Кыргызстанда эмгекке жарактуу жарандар ашыгы менен бар, жана бул экономкабыздын андан ары өсүүсү үчүн абдан жакшы, деди. Ооба, бул чынында эле абдан жакшы, бирок Кыргызстандын экономикасы үчүн эмес, Россиянын экономикасы үчүн.

Россиянын жумушчу күчүно болгон муктаждыгы Орто Азиядан (Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан) барган мигранттардын эсебинен камсыздалат.

2020-жылдагы данныйларга ылайык, Россияда Кыргызстандан барган 740 миң эмгек мигрант иштейт. Салыштыруу үчүн айтсак: Бишкекте иш менен камсыздалган жарандардын саны 472 миң, ал эми Ош шаарында 109 миңди түзөт. Башкача айтканда, Кыргызстандын эки эң чоң шаарларына караганда Россияда иштеген кыргыздардын саны көбүрөөк.

Россияда иштеп жаткан эмгек мигранттары чындап эле өлкөсүнө чоң пайда алып келишет - үй бүлөлөрүн камсыздашат, туугандарына жардам беришет. 2020-жылы кыргызстандыктар мекенине $2,3 млрд акча которушкан экен. Бул өлкөнүн ИДПсинин 30%ын түзөт.

Алыскы келечекте мигранттардын мындай салымы өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет, анткени тышкы факторлордон көз каранды болуп калабыз.

Кыргызстанда жумуш орундар жетишсиз. Айрым жумушка айлыгы төмөн болгондуктан иштешпейт. Анткени ал акчага үй-бүлөнүн тамак ашын да камсыздоого мүмкүн эмес. Анын үстүнө ошол эле жасаган ишиң үчүн Россияда кыйла көбүрөөк төлөшөт.

Өткөн жылдын соңунда расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 77 миң адамды түздү. А бирок реалдуу цифра мындан бир нече эсе жогору. Анын үстүно пандемия күч алып турган кез.

Комплекстер тоскоол болуп жатабы?

Экономика жана финансы министринин пикири боюнча экономикалык секирик жасоо үчүн жаштардын "жакыр өлкө комплекси" синдромунан кутултуу зарыл.

Бирок, Жапаров-президенттин сүйүктүү "Эмне үчүн бай өлкөлөр бай, ал эми башкалар кедей" деген китебинде тетири ой айтылат. Акыркы 100-150 жылда бай өлкөлөр бай бодйон калды, кедейлер кедей бойдон калды, деп айтылат. Болгону XX кылымдын экинчи жарымында Сингапур, Түштүк Корея жана Япония сыяктуу саналуу мамлекеттер гана чон секирик жасашкан.

Анан эмнесине таянып Кыргызстандын жаштары оптимист болушу керек? Тарых көрсөтүп тургандай биздин шансыбыз өтө төмөн, ал эми кыргыз Ли Куан Юнун карааны али көрүнбөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2241