Эгиздин түгөйү бир тууганынын паспорту менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн
RU

Эгиздин түгөйү бир тууганынын паспорту менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эки жараны чек арадан мыйзамсыз өтүү аракети үчүн аэропорттон камакка алынды. Бул жөнүндө УКМКнын коомчулук менен жана ЖМКлар менен байланышуу кызматы билдирди.

"Ош-аэропорт" өтмөк пунктунда чек ара кызматы Кыргызстандын жараны 1997-жылы туулган У.А.ны камакка алды. Ал Ош - Пермь рейси менен эгиз бир тууганынын паспортун колдонуп Россияга учуп кетүү аракетин көргөн.

Чек ара кызматкери паспорттогу сүрөттөн эгиз бир туугандардын билинер-билинбес айырмачылыгын байкап калган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2243