Караколдо абал тынч. Баш аламандык орун алып жатат деген маалымат чындыка дал келбейт
RU

Караколдо абал тынч. Баш аламандык орун алып жатат деген маалымат чындыка дал келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл ОИИБ: Каракол шаарында абал тынч жана туруктуу. Шаарда баш аламандык орун алып жатат деген маалымат чындыка дал келбейт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов кабарларды.

25-декабрдан 26 декабрга караган түнү айрым социалдык тармактарда Каракол шаарында массалык баш аламандык орун алып жатат деген видеотасма тарай баштаган. Тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда, облустун борборунда абал тынч жана стабилдүү. Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин өздүк курамы, жаӊы жылдык майрамдарга карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Ал эми, социалдык тармактарда тарап жаткан видеотасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз: 25-декабрь күнү, болжол менен саат 19.45 чамасында Каракол ШИИБне телефон аркылуу билдирүү келип түшүп, анда шаардын "Жеӊиш" эс алуу багынын жанында топ жаш балдар чогулуп жатышкандыгы маалымданган.

Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге тез аранын ичинде Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, тез чара көрүү отрядынын жана Каракол ШИИБдин өздүк курамдары барышып, өз ара пикир келишпестиктен Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун Жолколот айылынын айрым жаштары чогулуп жатышканы аныкталган. Чогулган жаштар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эгерде алар коомдук тартипти бузушса, мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилгенден улам, болжол менен саат 21.00 чамаларында алар тарап кетишти.

Аталган факт Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, эки тараптын ортосундагы талаштын келип чыгуу жагдайын аныктоо үчүн териштирүү иштерин өткөрүүдө.

Ысык-Көл ОИИБи ата-энелерди өз балдарыӊыздарга тийиштүү көзөмөл жүргүзүп, өзгөчө түнкү мезгилде аларга көӊүл буруу керектигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/224