Кыргыз бийлиги коронавируска каршы кытай вакцинасын дагы бир жолу сатып алгысы келет
Кыргызстандын Министрлер Кабинети кытайлык Синофарм коронавирусуна каршы вакцинанын кошумча дозаларын сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Девен менен жолугушуусунда белгилүү болду.
"Сизден суранабыз, кытайлык вакцинаны кыргыз тарапка сатып алууга көмөктөшүңүз. Бул маселелер тез арада чечилет деп үмүттөнөбүз", - деди Жылдыз Бакашова.
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвен кыргыз тарапты жогорудагы маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүүгө ишендирди.
Ошол эле учурда, бул 150 миң доза өткөн айдын 20сында жеткирилиши керек болчу деп кошумчалайбыз. Бирок учактын жоктугунан аларды алып келе албай жатышат. Акыркы күндөрү бийлик бул маселе эчак чечилгенин баса белгиледи.