Араванда 12 жаштагы бала өлтүрүлдү. Баланын таекеси аны асынып алган деп ырастоодо
RU

Араванда 12 жаштагы бала өлтүрүлдү. Баланын таекеси аны асынып алган деп ырастоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы өспүрүм өлтүрүлдү. Бирок анын сөөгүн ооруканага алып барган баланын таекеси жээнин асынып алган жеринен тапканын айткан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Араван райондук ички иштер бөлүмүнө Борбордук аймактык ооруканадан аларга каза болгон бала жеткирилгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Араван районунун РИИБнын ыкчам тобу ооруканага барганда, каза болгон адам 12 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги аныкталды. Баланын таекесинин айтымында, ал 25-июнь күнү эртең менен жээнин асынып алган жеринен тапкан.

Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө бала атайын өлтүрүлгөнү аныкталды. Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныкташууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2260