УКМК оюн өзгөрттү: Матраимовдун квартиралары күч органдарына эмес мамлекетке өткөрүлөт
RU

УКМК оюн өзгөрттү: Матраимовдун квартиралары күч органдарына эмес мамлекетке өткөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктоо үчүн төлөнүүчү квартиралар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет деген маселе чечилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

"Өкөрүлүп жаткан мүлк тиешелүү тартипте мамлекеттик менчикке өткрүлүп берилет", - деп ведомство билдирди.

Эске салсак, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктоо иш чараларынын алкагында Райымбек Матраимов өлкөгө 9 квартирасын өткөрүп берген. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айткан.

Матраимов мамлекетке 2 млрд сом каражаттын ордун төлөп берди, анын 1 млрд 400 млн сомун акчалай төлөсө калган бөлүгүнө 9 квартирасын жана Эльдорадо соода борборун берди.

"Квартиралар биздин УКМКнын кзматкерлерине берилет. Бирок алардын бири өтө чоң экен, биз аны балдар үйүнө же соцобъект катары өткөрүп беребиз", - деп Ташиев айткан.

Журналисттердин, Матраимовдун батирлерин дарыгерлер же мугалимдер эмес, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берүү чечимин ким кабыл алды деген суроосуна, Ташиев алар өздөрү мындай чечим кабыл алганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/226