Үй сатып алам деген шылтоо менен келген кардар ээсинин 20 миң сомун уурдап алган
Милиция акча уурдоого шектүү аялды камакка алды. Чүй облусунун ИИБси маалымдады.
2021-жылы 25-июнда, 77 жаштагы Р.В. Ново-Покровка айылынын тургуну, үстүбүздөгү жылдын 24-июнь айында болжол менен 20-25 жаштагы азиат улутундагы белгисиз кызга чара көрүүнү суранган, анткени анын үйүн сатып алуу шылтоосу менен 20 миң сом акчасын уурдап, белгисиз тарапка изин суутуп качып кеткенин билдирген.
Аталган факт Ысык-Ата районунун ИИБнө КЖБР КР ЖК 200 (уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББсинин жана Ысык-Ата районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы К.А. Чүй облусунун тургуну аныкталып, Ысык-Ата РИИБнө жеткизилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кыздын Ысык-Ата районунун аймагындагы уурулуктун дагы бир нече фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталып, алар боюнча керектүү чаралар көрүлүп жатат, деп Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.