Депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Ал мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө
RU

Депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Ал мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Ал мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө, деп күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Абжалиев Кыргызстанга бүгүн түндө Казакстандан кайтып келген. УКМКнын кызматкерлери аны дароо кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Маалымат берген булактын айтымында, депутат 20 млн сом төлөгөн. Мамлекетке келтирген зыяны 50 млн сом деп бааланып жатыптыр.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын антикоррупциялык кызматы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз баюу фактыларын аныкташкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал анын расмий тапкан кирешесине дал келибей турган активдерди сатып алган. Анын алдында Абжалиев Бишкек - Стамбул рейси менен учуп кетип Кыргызстанга кайта элек болчу.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиев өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу мурунку президенттин кызына үйлөнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2275